КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду сот актап чыкты

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду сот актап чыкты. Бул тууралуу 19-сентябрда болгон маалымат жыйынында Чыныбай Турсунбеков өзү айтып чыкты.

Маалыматка караганда, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев, Турсунбековго карата арак заводунун сатылышына байланышкан көз боемочулук айыбын таккан эле.

"Камчыбек Ташиев сотто утулуп калды. Ахматбек Келдибеков курамында 3 депутаттан турган комиссия түзгөн эле. Мен толугу менен акталып чыктым",- деди Турсунбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД