Сокулук районунда "Жигули" унаасы атчан кишини койдуруп кеткен

Сокулук районунда "Жигули" унаасы атчан кишини койдуруп кеткен. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк кабарчылар билдиришти.

ВАЗ-21013 унаасынын айдоочусу жолдо баратып, атчан кишини койдуруп кеткен. Айтымында абдан караңгы болгондуктан, жолдогу караанды кеч байкап калган. Жабыркаган адам Военно-Антоновка айылынын 1975-жылы туулган жараны болуп чыкты. Кырсыктын натыйжасында атчан жаран олуттуу жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Ал эми айдоочу жабыркаган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД