КР ТИМде Германиядан келген гуманитардык жардамды тапшыруу иш чарасы болду

Бүгүн, 19-сентябрда, КР тышкы иштер министрлигинде Германиядан келген гуманитардык жардамды тапшыруу иш чарасы болду. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага майыптар үчүн коляскалар, балдактар жана медициналык материалдар берилет.

Гуманитардык жүк кайтарымсыз негизде Германиядагы ар кандай мекемелерден жана жеке жарандардан алынып келинди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД