Путин Кыргызстанга келди

Кечээ, 19-сентябрда, саат 23:10до Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин учагы "Манас" эл аралык аба майданына келип конду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка таянсак, Владимир Путинди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Эл аралык "Манас" аба майданында президенттердин расмий жолугушуу аземи болду. Иш сапардын алкагында энергетика, аскердик-техникалык жана каржылык-экономикалык байланыш туурасында талкуу болмокчу. Эки тараптуу жолугушууда бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө, деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД