Бүгүн Бишкектин батыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 20-сентябрда, саат 9дан 16га чейин Бишкектин батыш тарабында Волкова, Очаковская, Патрис Лумумба көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми саат 9:20дан 17ге чейин Киев, Логвиненко, Панфилов жана Чүй проспектисинде электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Электр жарыгынын өчүрүлүшү бак-дарактардын өсүп кеткен бутактарын кыркуу жана аба чубулгаларына темир бетон тирөөчтөрдү орнотуу иштерине байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД