Ибраимов көчөсүндө жол кырсыгы катталды

Ибраимов көчөсүнөн жеңил унаанын айдоочусу жүк ташуучу унааны сүзүп, натыйжада каза болду. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк кабарчылар билдиришти.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, бүгүн, 20-сентябрда таңкы саат 4тө, иномарканын айдоочусу катуу ылдамдык менен келе жаткан. Ал рулга ээ боло албай калып чет жакта токтоп турган жүк ташуучу унааны барып сүзгөн. Натыйжада айдоочу ордунан каза болгон. Анын ким экендиги азырынча белгисиз, анткени жанында эч кандай документи жок болуп чыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД