Ысык-Көл облусунан 3 грамм героин менен Орусиянын жараны кармалды

Ысык-Көл облусунан 3 грамм героин менен Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун аймагында "Мак-2012" деп аталган комплекстүү иш чаранын алкагында, баңгизатына көз каранды жарандар чогула турган турак үйлөрдү табуу жана маңзатын мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу максатында "Притон" операциясы өтүүдө.

Иш чаранын жүрүшүндө Орусиянын 1978-жылы туулган жаранынан 3 грамм героин табылган. Ал убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД