Алайлыктар алтын чыгуучу жайды жаап салууну суранышууда

Парламентке Алай районуна караштуу Терек айылынын тургундарынан арыз келип түшкөн. Анда жергиликтүү жашоочулар айылдын жанында жайгашкан алтын чыгуучу жайды жаап салууну суранышкан. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков билдирди.

Депутат өзүнүн кесиптештерине, айылдын элинин өтүнүчүн көңүл кош карабоого чакырып өттү. "Айылдыктардын айтымында, алтын чыгуучу жай калктуу пункттун жогору жагында орун алган. Ал жакта ашкан калдыктарды көмгөнгө жер жок. Болгону тоолор гана бар. Эгерде жер титирөө боло турган болсо, алтын чыгаруучу жайдын калдыктары сууга агып, айылдыктарга бир канча көйгөй жаратат", - деди Исаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД