Рыспаев: "Манас" аба майданына кетүүчү жолдо түнкүсүн жарыш уюштуруп жатышат

"Манас" аба майданына кетүүчү жолдо дем алыш күндөрү түнкүсүн жарыш уюштуруп жатышат", - деп "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

Айтымына караганда, депутатка борбордун жашоочулары түнкү жарыштарды айтып, арыз менен кайрылышкан. "Жарыштын катышуучулары жолду тосуп алышат. Аба майданына өтүүгө мүмкүн болбой калат. Эгерде кимдир бирөө өтүүгө аракет кылса, алар унааны таш менен урушат. Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул туурасында билишет, бирок аларга жарыштын катышуучулары акча берип койгондуктан, ишке көз жумуп коюшат", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД