Жактоочу: Корниенкону Түлеевдин командасында болгондугу үчүн кармашты

Бишкектин экс-вице-мэри Валерий Корниенкону шаардын мурунку мэри Нариман Түлеевдин командасында болгондугу үчүн кармашты. Бул тууралуу анын жактоочусу Дмитрий Лубинцов билдирди.

Анын айтымына караганда, башкы прокуратуранын койгон айыптары негизсиз. "Корниенко кол коюп жатканда мыйзамдуу түрдө өзүнүн кызматтык милдетин аткарган",- деп баса белгиледи жактоочу. "Валерий Корниенкого расмий айып тагыла элек, ал болгону коррупцияга шектелип жатат", - деди Лубинцов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД