Акун: Мен акыйкатчынын аппаратынын жетекчисине кол көтөргөн жокмун

"Мен акыйкатчынын аппаратынын жетекчи кызматында отурган Медер Жусупого кол көтөргөн жокмун",- деп акыйкатчы Турсунбек Акун "ВБ"га билдирди. Буга чейин ЖМКда Турсунбек Акун өзүнүн кол алдында иштеген Жусуповго кол көтөрүптүр, эми бири-бирин сотко бергени жатат деген маалымат тараган болчу.

Акундун айтымында, Жусупов кыргыз тилин анчалык жакшы билбейт. Акыйкатчы ага карата кыргыз макалын айткан. Бирок, Жусупов макалдын маанисин жакшы түшүнө бербей, Акунга нааразычылыгын айткан.

Акыйкатчы кол алдында иштеген кызматкерге макалдын маанисин түшүндүрүп бергенден кийин келишпестик жоюлган. "Биз бири-бирибизди сотко бербей эле турабыз, бул чындыкка коошпойт"- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД