Путин: Америкалык аскер базасы туурасында талкуу болгон жок

"Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, америкалык аскер базасы туурасында талкууламак турсун, ал жөнүндө эстеген да жокпуз", - деп Орусиянын президенти Владимир Путин, Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында журналисттерге билдирди.

КР президенти Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Америка базасы тууралуу маселени тараптар талкууга алышкан жок.

"2010-жылдан бери премьер-министр жана 2011-жылдан бери президент катары мен, "Манас" жарандык аба майданы–жарандык аба майдан болушу керек деп айтып келем. Биз аны жарандык кылып алмаштырабыз. Эч кандай аскердик база болбойт", - деди президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД