Аламүдүн районунда бала бакчанын жетекчисине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын расмий сайты билдиргендей, 14-сентябрда Аламүдүн райондук прокуратурасына Таш-Мойнок айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал балдар бакчасынын жетекчиси небересин каттоо үчүн, чаң соргуч машинасын белек катары талап кылгандыгын айткан.

Ошондой эле дагы бир ата-энеден, аталган бала бакчанын жетекчиси баласын каттоо үчүн 2 миң сом акча талап кылды деген арыз келип түшкөн.

Аталган окуяга байланыштуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды жана пара алган деген беренеге ылайык, кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД