РИА Новости: Атамбаев Орусиясыз биздин келечегибиз жок деди

Кыргызстан улуу Орусия менен болгон өнөктөштүктө гана өзүнүн келечегин көрө алат. Бул тууралуу бейшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып билдирди, деп жазат РИА Новости.

"Орусия-биздин башкы стратегиялык өнөктөш. Бизди жалпы тарых жана тагыр байланыштырып турат. Орусиясыз биздин келечегибиз жок. Болочок- Орусия менен өнөктөш болгондо болот",- деди мамлекет башчысы Атамбаев. Ал белгилегендей, кол коюлган документтер эки өлкөнүн байланышы үчүн чоң мааниге ээ. "Жылдап, ал тургай 10 жылдап күткөн макулдашууларга кол коюлду",- деп кошумчалады Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД