Республикалык кан борбору кан тапшырууга үндөгөн акция өткөрөт

Эртең, 21-сентябрда, саат 10до мамлекеттик тарых музейинде, Республикалык кан борбору кан тапшырууга үндөгөн акция өткөрөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, донордук кыймылды өнүктүрүү, жаштарды гумандуулукка үйрөтүү жана бири-бирине аяр мамиле жасоого чакыруу максатында, өкмөттүн токтому менен 1997-жылдын 15-октябры Улуттук кан донорлорунун күнү деп белгиленген.

Белгилүү болгондой, акцияга республиканын ардактуу донорлору, Бишкектин дарылоо профилактикалык уюмдарынын медицина кызматкерлери, ЖОЖдун студенттери жана башкалар катышат. Кан тапшырган донорлорго белектер жана азыктар салынган баштыктар тартуу кылынат деп уюштуруучулар баса белгилешүүдө. Мындан тышкары кыргыз эстрадасынын артисттери концерт коюшмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД