Жапаровдун мандатын алуу маселеси боюнча комиссиянын отуруму болот

Бүгүн, 20-сентябрда, Жогорку Кеңеште "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун мандатын алуу маселеси боюнча комиссиянын отуруму болот. Бул тууралуу "ВБ"га Жапаровдун жактоочусу Шарапидин Токтосунов билдирди.

"Кылмыш ишин козгоодон мурун Башкы прокуратура кылмыштын курамын табышы керек. Комиссиянын отурумунда Башкы прокуратуранын кызматкерлери жана Садыр Жапаров катышат", - деди жактоочу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД