Баш калаадагы Токтоналиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен газ чыккан

Бүгүн түнү баш калаадагы Токтоналиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен газ чыккан. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк кабарчылар маалымдашты.

Турак үйдүн кире беришинен газдын жытын алгач кошуналар сезип калышкан. Алар 80 жаштагы пенсионер жашаган үйдүн эшигин каккылап жооп ала алышкан эмес. Турак үйдүн тургундары Биринчи Май РИИБга жардам сурап кайрылышкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кары адамдын үйүнүн эшигин сындырып кирүү чечимин кабыл алышкан.Газдын жыты болушунча толуп калгандыктан, жарылуу болушу мүмкүн эле. Жардамга куткаруучулар чакырылган. Алар эшикти сындырып жатканда, кокустан кожоюн эшикти өзү ачып жиберген. Анын айтымында, газ плитасынын кранын жабууну унутуп калган. Ачык турган терезеден кирген жел газды үйдүн кире беришине айдап тургандыктан, үй ээси аман калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД