Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталды

Кечээ, 20-сентябрда болжол менен түнкү саат 2:30да, Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

МАЗдын айдоочусу, Бишкек шаарынын 43 жаштагы жараны мас абалында унаа башкарып бара жатып, айланып өтүүчү жолдун 238-чакырымынан "Фольксваген Пассат" унаасын сүзүп алган. Экинчи унаада Сокулук районунун 32 жаштагы жараны болгон.

Кырсыктын натыйжасында "Фольксвагендин" жүргүнчүсү каза болду, ал эми айдоочусу ар кандай жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилди.

Иликтөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД