Уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү үй камагына чыгарылган

3-сентябрда КР ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгына арыз келип түшкөн. Анда Ош облусунун тургунун, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү өзүнүн достору менен (35-40 белгисиз адамдардан турган топ) токмоктоп туруп тоноп кетишкени айтылган. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

28-августта болжол менен саат 23тө, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Өзгөн районундагы айылдардын биринен кафеде отурушуп, У.М. аттуу жаранга бычак такап, анын жанынан 15 000 сомун алып кетишкен. Ошондой эле денесине жаракат калтырышкан. Натыйжада жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

5-сентябрда аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө 1977-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кылмышка шектүү экени аныкталган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп чыккан. Жаран 15-сентябрда убактылуу кармоочу жайга алынып келинген. 17-сентябрда кылган кылмыштары үчүн, ага тоноочулук жана бейбаштык беренелери боюнча айып тагылган. Бирок, 17-сентябрда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту (судья Б.Жаналиев) жогорудагы чечимди канааттандырбай, аны үй камагына чыгарып койгон. Күнөөлөнүп жаткан жаран башка бирөөлөрдүн жоопкерчилиги алдында (Белгилүү болгондой, ага Жогорку Кенештин депутаты Жыргылбек Саматов жана Дастанбек Жумабеков, Өзгөн районунун Алга айыл башчысы Т. Эгемкулов, Кызыл-Октябрь айылдык кенешиненин депутаты Каманов, Батыровдор кирет) үй камагына бошотулган.

Учурда аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД