Биринчи Май районунун аймактык тескөөчүлөрү акча өндүргөнгө шектелүүдө

Биринчи Май районунун аймактык тескөөчүлөрү акча өндүргөнгө шектелип, убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 19-сентябрда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Биринчи Май РИИБнын эки милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Аларга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" жана "Акча өндүргөн" деген беренелер боюнча айып тагылууда.

Прокуратуранын кызматкерлери ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте, 10 000 сом акча алып жаткан жеринен Биринчи Май РИИБнын 2 аймактык тескөөчүсүн кармашкан. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД