Мотуев: АКШ жана Франция элчиликтеринин алдында митинг болот

"Мусулмандардын күнөөсүздүгү" чуулгандуу видеосуна каршы митингде башаламандык болуп кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу кептер үчүн, Нурлан Мотуевди ички иштер органына кайрадан чакырганына карабастан, АКШнын жана Франциянын элчиликтеринин имаратынын алдында митинг болот. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 21-сентябрда Нурлан Мотуев билдирди.

"Эмнеге депутат Турсунбай Бакир уулу башында турган топту мен сыяктуу чакырышпайт? Анткени алар алсыз, коркоктор. Менин балдарым жаш, креативдүү, тайманбас мен сыяктуу", деп билдирди Мотуев. Айтымында, аны кечээ ИИМдин имаратында 5 саат кармашкан. Качан гана 100гө жакын мусулмандар келгенде кое беришкен. Бишкек ШИИБ аны менен бир саат маектешкен соң кое беришкен.

Эске салсак, 11-сентябрда Египет телеканалы тасманын бир канча эпизоддорун көрсөткөн. Мындан кийин бир канча өлкөдө мусулмандар нааразычылыктарын билдирип, АКШ элчиликтеринин алдына чогулушкан. Кыргызстанда Турсунбай Бакир уулу, АКШ элчилигинин алдында башка ислам уюмдары менен биргеликте митинг өткөрүү тууралуу ниетин билдирген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД