Кемин өрөөнүндө жана Нарында абанын температурасы -2 градуска чейин төмөндөйт

Кемин өрөөнүндө жана Нарын облусунда абанын температурасы -2 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 21-24-сентябрда Кемин өрөөнүндө, ошондой эле Талас жана Нарын облустарынын алыскы райондорунда 0 градустан -2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлүүдө.

"Жер-жемиштер, казылган картошкалар үчүн үшүк коркунуч жаратат", деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД