Караколдогу ЖОЖдун окутуучулары жетекчисине нааразы

Каракол мамлекеттик университетинин окутуучулары жетекчисине каршы нааразычылыктарын айтып чыгышты. Айтымдарында, алардын мындай кадамга барууларына ректордун жүрүм-туруму түрткү болгон.

"Азыркы ректордун иштеп башташы менен профессордук курам акырындык менен иштен кетип баштады. Ректор тарабынан куугунтуктоо бар. Анын туугандары пайда боло баштады. Ректордун жүрүм-туруму орой боло баштады. Жамаат мындай жагдайда иштей албайт. Жакында окутуучулар КР акыйкатчысы менен жолугушкан. Анда жогорудагы маселелер талкууга алынган. Эми акыйкатчы өлкө жетечилигине кайрылып, пайда болгон жагдайдын чечилишине аракет кылат", - деп акыйкатчынын аппаратынан билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД