"Электр станциялары" ААКнын башкы директору Аман Тентиев кызматтан кетти

Бүгүн, 21-сентябрда, "Электр станциялары" ААКнын директорлор кеңеши, башкы директор Аман Тентиевдин башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, өз каалоосу менен жумуш ордунан кетүү туурасында арызын кабыл алышты. Бул тууралуу компаниянын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Аман Тентиев аталган кызматта 2011-жылдын февраль айынан баштап иштеген. Буга чейин ал эл аралык денгээлдеги компанияларда жетекчилик кызматты ээлеп келген. "Аман Тентиевдин келиши менен "Электр станциялары" ААК жогорку жыйынтыктарга жетише алды. 2011-жылы ири көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүү камсыздалган. Тентиевдин башкармалыгы алдында компаниянын, акча ресурстарынын чыгымдарын көзөмөлгө алууну күчөтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу аракети ийгиликтүү башталды",- деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД