Кыргызстанда кумар оюндары ойноло турган 200гө жакын жай мыйзамсыз иштейт

Кыргызстанда кумар оюндары ойноло турган 200гө жакын жай мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда КСДП фракциясынын отурумунда каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Юруслан Тойчубеков билдирди.

Депутат Токтогул Туманов кумар оюндары интернет-клубдарында гүлдөп жатканын айтты. "Жакында эле "Шмель" интернет-клубуна кирип, балдардын ойноп жатканын көрдүм. Тез арада чара көрүлүшү керек", - деди ал.

Юруслан Тойчубеков белгилегендей, "Шмель" интернет-клубуна карата кылмыш иши козголгон. Ведомствонун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Рустам Жоробековдун айтымында, башка интернет-клубдарга дагы кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД