"Бир Дүйнө Кыргызстан-2012" кинофестивалында 32 тасма тартууланат

"Бир Дүйнө Кыргызстан-2012" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын 6-Эл аралык кинофестивалында 32 тасма тартууланат. Бул тууралуу кинофестивалдын координатору Фарида Абдылдаева билдирди.

Анын айтымына караганда, 32 тасманын ичинен 16 тасма кыргыз режиссерлоруна таандык. Калганы чет элдик режиссерлордун эмгектери. Аталган фильмдердин сынагы ата мекендик, чет элдик жана жаңыдан баштап келе жаткан үйрөнчүк режиссерлор арасында болмокчу. "Бизге Азиядан жана Европадан көптөгөн тасмалар келип түштү. Тандалып отуруп 32си калды", - деди Абдылдаева.

Эске салсак, фестиваль 24-сентябрдан 28ине чейин "Манас" кинотеатрында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД