Нурлан Мотуев нааразычылык акцияга өзү гана келди

Франция элчилигинин алдында митинг болот деп сөз берген Нурлан Мотуев, "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" видеоролигине каршы нааразычылык акциясына өзү гана келди. Учурда акция боло турган жерде укук коргоо органдарынын 50дөй кызматкери жана ЖМК өкүлдөрү бар. Мотуев айткан бир канча митингчилердин бири дагы келген жок.

"Мени 3 жолу соттошкон, бирок мен нааразычылык акцияны улантуу ниетиндемин", деп "ВБ"га Мотуев билдирди. Анын айтымына караганда, жума намазынан кийин ал өзүнүн шериктештери менен акцияга келе жатышкан. Бирок милиция кызматкерлери жанындагыларды алдап, митингге чыкпоону сунушташкан. Бүгүн пландалган дагы бир митинг АКШ элчилигинин алдында өтмөк. Бирок активисттин айтымында ал болбой калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД