2012-жылдын 8 айында республикада 395 өзгөчө кырдаал катталган

2012-жылдын 8 айында республикада 395 өзгөчө кырдаал катталган. Анын ичинен 376 - жаратылыш, 19 - техногендик мүнөздөгү кырдаалдар. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдардан 30 адам каза тапкан. Бул өткөн жылга караганда 7,1 ге аз. ӨКМнын кызматкерлери 321 адамды куткарышкан. Алардын ичинен 137 - жол кырсыгында, 184 - экстремалдуу кырдаалда куткарылган.

Куткаруучулар 291 адамга алгачкы жардам көрсөтүшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД