"Электр станциялары" ААКнын башкы директорунун милдетин Исраилов аткарып жатат

"Электр станциялары" ААКнын башкы директорунун милдетин учурда компаниянын башчысынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов аткарып жатат. Бул тууралуу "ВБ"га компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Исраилов Аман Тентиевдин кызматтан кетиши менен башкы директордун милдетин аткаруучу болду. Тентиевдин айтымында, "Электр станциялары" ААКнын башкы директорлук кызматынан өз каалоосу менен кеткен. "Бул жеке чечим жана бул башка жумушка кеткендигиме байланыштуу", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД