"Алтын Көл" ведомстволук пансионатынын чыгашалары толугу менен жабылды

21-сентябрда "Ата-Мекен" фракциясынын отурумунда, 2011-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин парламенттин бюджеттик жана атайын каражатты пайдалануусу боюнча аудитинин жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, "Алтын Көл" ведомстволук пансионаты 2011-жылы 7-млн. чыгаша менен аяктаган. ЖКнын азыркы депутаттары өткөн жылкы карызды толугу менен жабышты. Эми 2012-жылдын жыйынтыгында 2-3 млн. сом киреше менен чыгууну пландаштырууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД