Чехия өкмөтүнүн мамлекеттик стипендиясы студенттерди кабыл алат

2013-2014-академиялык жыл үчүн Чехия өкмөтүнүн мамлекеттик стипендиясы бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча, табыйгый илимдер, айыл чарба, транспорт жана медицина адистиктери боюнча окууну сунуштайт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бул багыттар кокусунан тандалган жок.

"Бүгүнкү күндө биздин республиканын техника, айыл чарба, медицина сыяктуу квалификациялуу адистиктерге муктаждыгы бар. Жергиликтүү окуу жайларда бул адистиктер боюнча окутулса дагы, жыйынтык ойдогудай эмес", дешет министрликтен.

Чехия Республикасынын өкмөтүнүн стипендиясына тапшыруу үчүн, арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Баардык маалыматтар төмөнкү сайтта жарыяланган: www.mzv.cz/astana


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД