АКШ Конгрессинин китепканасында Айтматовдун бюст-мемориалы ачылды

Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясынын АКШга болгон иш сапарында, АКШ Конгрессинин китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюст-мемориалынын ачылышы болду. Жээнбеков иш чаранын жүрүшүндө жазуучунун чыгармаларын белек катары тапшырды. Бул тууралуу КР парламентинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз элинин уулу, бүткүл дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабиятка чоң салым кошту. Бул тарыхый окуя Кыргызстандыктар үчүн гана эмес, анын талантын баалагандар үчүн болуп отурат. АКШда биздин жердешибиздин чыгармачылыгы менен таанышууга мүмкүн болгон жайдын ачылгандыгына абдан кубанычтабыз", деди Жээнбеков.

Мемориал-бюст скульптор Тургунбай Садыковдун кол эмгегине таандык. Ал эми китепканага Айтматовдун китептерин белекке тапшыруу демилгесин Жогорку Кеңеш көтөрүп чыккан.

Эске салсак, АКШга болгон иш сапарга Алмазбек Баатырбеков ( "Республика"), Токон Мамытов ("Ар-Намыс"), Абдрахман Маматалиев ("Ар-Намыс"), Заирбек Жоошбеков (СДПК), Динара Исаева ("Ата-Журт") жана Акылбек Эшимов ("Республика") кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД