Казакстандын премьер-министри Карим Масимов кызматтан кетти

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов кызматтан кетти. Бул тууралуу республиканын президентинин басма сөз кызматы билдирет.

"Мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев Масимовдун берген арызына байланыштуу, премьер-министрлик кызмат ордунан бошотту", деп басма сөз кызматы Twitterге жазган.

Өткөн жумада бүгүн, 24-сентябрда саат 15те өкмөттүк саат болот деген маалымат келип түшкөн. Бирок, кийинчерээк басма сөз кызматы өкмөттүк саат болбой калды деп билдирген. Ошону менен бирге себебин айтышкан эмес.

РИА Новости билдиргенине караганда, жаңы өкмөт башчысынын ордуна азыркы вице-премьер-министр Серик Ахметов болуп, ал эми Масимов Казакстан президентинин администрация жетекчиси болуп шайланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД