Борбор калаанын 134 жылдыгына карата майрамдык концерт өтөт

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 25-сентябрда борбор калаанын 134 жылдыгын белгилөөнүн алкагында "Спартак" стадионунда майрамдык концерт өтөт. Ага Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары жана Орусиялык "Город-312" тобу катышмакчы. Концертке кирүү чакыруу баракчасы аркылуу гана ишке ашат.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, Тоголок Молдо көчөсү, Фрунзе менен Чүйгө чейин жабылат. Жарандар үчүн ынгайлуу болсун үчүн, Фрунзе көчөсү жакта коомдук транспорттук унаалар №38,№9, №7 кызмат кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД