Сауд Аравиясы ажылык-2012ге карата Кыргызстан үчүн кошумча квота бөлгөн жок

Сауд Аравиясы ажылык-2012ге карата Кыргызстан үчүн кошумча квота бөлгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда "ВБ"га муфтийдин орун басары Замир Ракиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Сауд Аравиясы дүйнөдөгү баардык ажыларга жыл сайын кошумча квота бөлүп келген. "Бул жылы курулуш иштерине жана жолдордун ондоо-түзөө иштерине байланыштуу кошумча квота бөлүшкөн жок", - деди Ракиев.

Маалым болгондой, Кыргызстандык ажылар Аравияга 2-октябрдан 17-октябрга чейин учуп кетишет. Ал эми кайра кайтып келүү убактысы 15-ноябрь. Учурда 4500 квота таратылып берилген. Ажылыкка баруу чыгымы 2 250 долларды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД