Бишкек шаары боюнча жол кырсыктарынын саны өсүүдө

Кыргызстан адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын саны боюнча КМШ өлкөлөрү жана Евро Биримдиги арасында биринчи орунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда болгон маалымат жыйынында, КР ИИМдин жол коопсуздугу кыймылы башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 2012-жылдын акыркы 8 ай аралыгында 3171 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын 8 айына караганда 12 пайызга көп. Мас абалында болгон жол кырсыктарынын саны 220. Жол кырсыгынан каза болгондор 581. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 5 пайызга азыраак.

Бишкек шаары боюнча жол кырсыктарынын саны өсүүдө. 2012-жылы баш калаада 866 кырсык катталган. Чүй облусунда 884, Ысык-Көл облусунда 276, Нарын аймагында 274 жол кырсыгы катталган. Калган региондордо тизмеге алынган жол кырсыктарынын саны аз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД