Сокулук районунда жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Сокулук районунда унаанын айдоочусу 44 жаштагы аялды жана 1-класстын 2 окуучусун сүзүп кеткен. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк кабарчылар билдиришти.

Өткөн жумада Петровка айылынын 37 жаштагы тургуну "Ренд-Ровер" унаасын башкарып бара жатып, Бишкек-Ош кан жолунун 23-чакырымынан (Сокулук айылы) жолду кесип өтүп бараткан 44 жаштагы аялды жана 7 жаштардагы 2 кызды коюп кеткен. Жабыркагандар олуттуу жаракат алып Сокулук ооруканасына жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД