Турсунбай Бакир уулу: Менимче акыр заман Кыргызстандан башталат

"Менимче акыр заман Кыргызстандан башталат", - деп Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, КТРК аркылуу көрсөтүлүп жаткан "Көзү ачыктар таймашы" теледолбооруна карата оюн билдирип жатып айтты. Анын пикиринде, Куран китепте качан гана көзү ачыктар менен экстрасенстер көбөйгөндө акыр заман келет деп жазылган.

"Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаевге аталган шоу программаны жаап салуу өтүнүчү менен кайрылгым келет", - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД