Президент жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону 25-ноябрга дайындады

Бүгүн, 24-сентябрда КР президенти Алмазбек Атамбаев, КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Мамлекет башчысынын жарлыгы менен КР мыйзамына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор жекшембиге, 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалды.

КР шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясы КРнын мыйзамына ылайык, өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурууга милдеттендирилди.

КР өкмөтүнө: шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо чараларды көрүү милдети тагылды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД