Жумакадыр Акенеев: Бензиндин баасы 2 сомго көтөрүлөт

Бензинге болгон баанын кымбатташы дүйнөлүк биржада нефтинин баасынын өсүшүнө (11 пайызга ) карата болду. Анын үстүн Орусияда бул кымбаттоо 18 пайызды түздү, деп "ВБ"га Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, бензиндин баасын ташып келүүчүлөр акырындап көтөрө башташкан. Бүгүн, 24-сентябрда 40 тыйынга кымбаттыды. "Октябрь-ноябрь айларында анын баасы 2 сомго көтөрүлөт",- дейт Акенеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД