Бүгүн Бишкектин батыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 25-сентябрда саат 9:30дан 17ге чейин Бишкектин батыш тарабында капиталдык ремонт иштерине байланыштуу, Чо-Арык айылындагы Северная, Семетей аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Түндүкэлектр ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле убакыт аралыгында Төмөнкү-Ала-Арча айылында Кыргыз, Зеленая, Логвиненко жана Новая көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт. Бул дагы ондоо иштерине байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД