Бүгүн шаар күнүнө карата баш калаада жол кыймылына чектөө киргизилет

Бүгүн, 25-сентябрда, шаар күнүн белгилөөгө карата баш калаада саат 7ден баштап жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кыймылына чектөөлөр Тоголок Молдо, Фрунзе, Тыныстанов жана Киев көчөлөрүндө жүргүзүлөт. Ал эми саат 15тен баштап Чүй проспектисинде муниципалдык транспорттор үчүн жол ачык болот. Ошол маалда Тоголок Молдо көчөсүндө (Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин) жана Фрунзе көчөсүндө (Тоголок Молдодон Логвиненкого чейин) жол кыймылы токтотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД