Кыргыз-кытай чек ара аймагындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

2012-жылдын 29-сентябрынан 7-октябрына чейин кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагындагы Торугарт жана Иркештам унаа жолдору өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын чек ара аскерлигинин коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка таянсак, мамлекеттик чек ара кытай тараптын демилгеси менен жабылат. Анткени коншу мамлекет Ай майрамын жана Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн белгилешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД