Мамкаттоо кызматынын жаңы төрагасы Сапарбаевди жалпы жамаатка тааныштырышты

Бүгүн, 25-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы Эрлан Сапарбаевди жалпы жамаатка тааныштырышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Эске салсак, Сапарбаевдин талапкерлигин "Ар-Намыс" фракциясы көрсөткөн. Алар буга чейин аталган кызмат ордуна Мирбек Бөрүбашевди сунушташкан, бирок ал депутаттардын жана жарандык коомдордун сындары үчүн баш тарткан. Ошондой болсо дагы Сапарбаевге карата бир тараптуу ой жаралган жок. Депутат Айнуру Алтыбаеваны, Сапарбаевдин билими эколог экендиги жана акыркы убактарда коомдук уюмдарда эмгектенгендиги кооптондурууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД