Бишкекте аялдар арасында футбол боюнча салттык турнир башталды

Бүгүн, 25-сентябрда, Бишкектин футбол борборунда аялдар арасында футбол боюнча салттык турнир башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол Федерациясынан билдиришти.

Федерациянын маалыматына караганда, "Надежда" турнирине 4 команда катышат. Алар: "Кыргызстан-1", "Кыргызстан-2", "СДЮСШОР-2" (Алматы) и "Фемида" (Екатеринбург).

Белгилей кетсек, мелдеш 27-сентябрда аяктайт. Жеңүүчү командалар айлампа системасы аркылуу аныкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД