26-октябрь - Курман айттын болжолдуу датасы деп жарыяланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 26-октябрды Курман айттын болжолдуу датасы деп жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда "ВБ"га муфтияттын басма сөз катчысы Толкунбек Арсен уулу билдирди.

Анын айтымында, так датасы 10 күн калганда айдын жайгашуусуна карата белгилүү болот. Майрам күн - дем алыш деп жарыяланат.

Эске салсак, Орозо айтты кыргызстандыктар 19-августта белгилешкен. Курман айт болсо 70 күндөн кийин майрамдалышы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД