Ош облусунун тургуну аялына бычак сайып өлтүргөн

21-сентябрда болжол менен саат 23тө, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөкан айылдык аймагында 1985-жылы туулган жаран аялына бычак сайган.Уруштун натыйжасында келип чыккан кырсыкта, аял окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кылмыш мас абалында жасалган.Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келгенде, аялына бычак урган жаран өзүнүн төшүнө бычак сайганга жетишкен. Учурда ал ооруканада жатат. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, уруш кызганычтан улам келип чыккан. Ошол күнү алар бардык үй-бүлөсү менен туулган күн белгилешкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД