Парламентке жаңы депутат айым келди

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыкты чыгарды. Анын ордуна партиялык тизмекте турган Майрамгүл Тиленчиева айым дайындалды.

Эске салсак, Камила Талиева "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты болгон. Жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен парламент аны социалдык-саясат боюнча вице-премьер-министр кылып тандашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД