"Мусулмандардын күнөөсүздүгү" чуулгандуу видеосуна каршы митинг башталды

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги АКШнын элчилигинин имаратынын алдында "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" чуулгандуу видеосуна каршы митинг башталды. Нааразычылык акциясына Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, "Мутакалим" фондунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы жана 50дөй мусулман чогулган.

"Бүгүн биз америкалык элчиликке YouTube интернет-сайтындагы видеороликке тыюу салынсын жана аны тарткандар, актерлор жазасын алсын деген талап менен чыгып атабыз. Элчи бизден корпосо, анда өзү чыгышы керек. Эгерде эч ким чыкпаса, имаратка өзүбүз киребиз", деди Турсунбай Бакир уулу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД