Сатыбалдиев Серик Ахметовго куттуктоо телеграммасын жөнөттү

КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Серик Ахметовду Казакстан Республикасынын премьер-министринин кызматына дайындалышы менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: "Урматтуу Серик Ныгметович, Сизди Казакстан Республикасынын премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан чын дилимден куттуктайм. Ошондой эле жооптуу кызматтагы ишиңизге албан ийгиликтерди каалайм. Салтуу болуп калган ынак достук мүнөздөгү Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер, эки элдин жыргалчылыгы үчүн үзгүлтүксүз өнүгөт деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып Сизге, чың ден соолук жана мамлекеттик ишиңизге бийик ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД